UFC мушкери Валентина Шевченкону күйөрманы жолугушуп сейилдөөгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Валентина Шевченко "UFC 289" турнири өткөн Ванкуверге барып, ал жерде медиа иш-чараларга катышкан. Пресс-конференция учурунда Шевченконун эр жүрөк күйөрманы микрофонго жакындап, аны менен жолугушуп сейилдөөнү суранган.
Шевченко анын эрктүүлүгүн баалап, бирок сылык түрдө андан баш тарткан.
"Мен бойдокмун, бирок номурумду бере албайм", - деген Шевченко.