Ташиев Жалал-Абаддагы чек арачыларга үйлөрүнүн ачкычтарын тапшырды

Бүгүн, 14-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу турак жайда 20 батир болуп, жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалган. Балдар ойноочу аянтча, спорт залы, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган.

Ачылуу аземине чек ара кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

"Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, мамлекет жетекчилиги тарабынан кыргыз армиясы үчүн, анын ичинде чек ара кызматын күчтөндүрүү, заманбап курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыз кылуу, аскерлердин кызматтык жана жашоо шартын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан олуттуу жумуштар тууралуу кыскача айтып өттү", - дешти мекемеден.

Ошондой эле ал мындан ары да Кыргызстандын ар тараптуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык тийиштүү аракеттерди көрүү улантыларын баса белгиледи. Мындан сырткары Ташиев шарттарды түзүү менен аскер кызматкерлерине талаптар да күчөтүлгөнүн эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан