Дэн Сяопин проспектисин Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки батыш кире бериш бөлүгүн көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Кабарлангандай, аталган көчөдө тротуарларды, веложолдорду жасоо, жаңы ирригацияны куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу пландалууда.
Учурда жашыл катмарын кыркып, сырткы тармактарды өткөрүп, дүмүрлөрдү жулуп, ирригациялык жана тротуарларды орнотуу иштери башталды.
Жер участогунун жалпы аянты 0,755 гектарды түзөт.