Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 11-декабрда Cаламат Садыкованын жеке концерти жогорку деңгээлде өттү.
Комуздун коштоосундагы чыгармалар мукам үндүү, ары сулуу, сөзгө чебер ырчы эжебиздин аткаруусунда жаңырып, ырга суусап турган калктын моокумун кандыра алды. Кыргыздын улуулугун даңазалаган концерттен кийин элдин жүзүндө кубанычты гана көрүүгө болот эле.
Кундуз Авашева, Кубанычбек Сатаев менен Саламат Садыкованын аткаруусундагы ыр концертти жыйынтыктады. Келген да, келбеген да арманда болгон концерттин соңунда көрүүчүлөр ыраазы болуп кайтышты.