Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард куб метрден ашты

Бүгүн, 14-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 67 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирет.

"Суунун агып келиши секундасына 1 миң 343 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 406 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

2022-жылдын 14-июнуна карата суунун көлөмү 11 миллиард 143 миллион куб метрди түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан