Аскада, кайыкта фильм көрсөтүлүп... Дүйнөдөгү өзгөчө кинотеатрлардын тизмеси (фото)

Кинотеатр дегенде көпчүлүгүбүз отургучтары катары менен тизилген стандарттуу залды элестетебиз. Бирок дүйнөдө ар түрдүү, кызыктуу кинотеатрлар да бар. Алдыда бир нече өзгөчө кинотеатрлар менен тааныштырабыз.

Piscine Pailleron


Сиз буга чейин кинотеатрда отургучта отуруп көрсөңүз, Париж шаарындагы бул жайда көрүүчүлөр тасманы кайыктарда отуруп көрүшкөн. Бул кинотеатрдын орду азыр жайында бассейн катары колдонулса, кышында коньки тебүүчү жай катары кызмат кылат. Бирок 2008-жылы өзгөчөлөнүп, кинотеатрга айландырылган. Ал жерге кайыктарды, 3D көз айнектерди алып келип, кадимки кинотеатр катары даярдалган. “Пинин жашоосу” тасмасынын премьералык көрсөтүүсү да дал ушул кинотеатрда болгон.

Аскада көрсөтүлгөн кино


АКШда жайгашкан “Кызыл аска” атындагы амфитеатр 1906-жылдан баштап иштей баштаган. Америкалык автомобиль өнөр жайчысы Жонатан Брисбен байыркы таш амфитеатрында концерт өткөрүүнү кыялданып, аталган жер туура келген. Ал 1906-жылдан 1910-жылга чейин бир катар концерт көрсөткөн. Кийинчерээк концерттер коюлуп, фестивалдар өткөрүлүп, кинолор көрсөтүлө баштаган.

Унаасы жок автокинотеатр

"Автокинотеатр" деген сөздү укканда автоунаа менен барган, ага отуруп көргөн театрды элестетсеңиз керек. А бирок бул кинотеатрда унааңыз менен барууга мүмкүн эмес. Бул жай Флоридадагы Диснейлендде жайгашып, 1991-жылы пайда болгон. Ал жерде унааларды койчу жерлерде атайын унааны элестеткен орундуктар жайгаштырылып, каалаган жерди тандап отурууга болот.


Ата-энелерге арналган кинотеатр


Мексикада жана Калифорнияда жайгашкан бул түрдөгү кинотеатрлар балалуу адамдарга ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнгөн. Кинотеатрдын идеясын ойлоп табуучулар балдар көз алдынан кетпей ойногудай, ал эми ата-энеси кино көрүүдөн ырахаттангыдай шартты түзүүгө аракет кылышкан. Балдардын бир ордунда отурушу кыйын болгондугу үчүн залдын бир бөлүгүнө алар ойной турган бөлүк уюштурушкан. Ал жерде 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар ойной алышат. Албетте, мындай кинотеатрлардын билети жөнөкөй кинотеатрларга караганда кымбат болот.

Hot Tub Cinema

Эгер ысык ваннада досторуңуз менен тасма көрүүнү кыялдансаңыз, анда бул жердеги кинотеатрга барсаңыз болот. "Hot Tub Cinema" деп аталган кинотеатр 2012-жылы Лондондо ачылган. Андан бери мындай кинотеатрлардын саны алтыга жеткен. Алардын ар биринде 30 ысык ванна, эки экран, кубаттуу аудиосистема жана тамактануучу жайлар бар. Мекеменин жетекчилиги кардарлар үчүн жакшы кино, жакшы чөйрө жана ырахат алуу биринчи орунда болуш керек деп эсептешкендиктен, ушундай форматтагы кинотеатрды негиздешкен.

Калкып жүрүүчү кинотеатр

2012-жылы архитектор Оле Ширен калкып жүрүүчү кинотеатрды ойлоп тапкан. Кинотеатрдын өзгөчөлүгү катары экраны өзүнчө аянтчага коюлуп, көрүүчүлөргө асканын арасында илинип тургандай көрүнгөндүгү эсептелинет. Толкунда сүзүп бараткандай көрүнгөн мындай кинотеатр Тильда Суинтон менен Канн кинофестивалынын 3 жолу жеңип алып, "Алтын пальма бутагы" сыйлыгына татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан