Бишкектин Бакай-Ата конушунда канализация тутуму курулат

Бакай-Ата конушунда канализация тутуму курулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирет.

"Капиталдык курулуш башкармалыгы Бакай-Ата конушундагы жеке турак жайларды шаардык канализацияга кошуу үчүн канализация тутумун курууга тендер жарыялайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, канализацияны курууга 50 миллион 106 миң 911 сом сарптоо пландалууда.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан