Банктар Баткен элине 5,7 миллиард сомдук насыя беришти

Финансы-кредиттик уюмдар Баткен облусунун тургундарына дээрлик 5,7 миллиард сом өлчөмүндө артыкчылыктуу кредиттерди беришти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1 (НПА) "КР Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу" токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.

Жогорудагы токтомду аткаруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:

  • 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-майына чейинки аралыкта ФКУ тарабынан 5 692,5 миллион сомго 52 095 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;
  • "Кепилдик фонд" ААК 374,1 миллион сом суммасына 381 кредит боюнча 177,3 миллион сом суммасына 376 кепилдик берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан