29-майда Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан кеңседен велосипедди уурдап кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 7-каналдан билдирди.
Маалыматка караганда, окуя түшкү саат 14:30дар чамасында болгон. Видеодо көрүнгөндөй 20-25 жаштагы кебетеси азиялык болгон жигит аталган даректин короосуна келип, айланага байкоо салып, ал ортодо кеңсенин ичине чейин кирген.
Тегеректе адамдар жоктугун байкап, короонун алдында тосмого жөлөнүп турган велосипедди тээп, из жашырып кеткен. Жабырлануучунун айтымында велосипед тосмого атайын кулпу менен бекитилген болчу. Уурдалган мүлк 7-каналдын кызматкерине таандык болгон.
"Жабырлануучунун арызы боюнча ошол эле күнү Октябрь РИИБинен ыкчам тергөө тобу келип далил катарында шектүүнүн аракеттери жазылып калган видео тасманы алып кеткен. Тилекке каршы, окуя катталган күндөн бери эки жума убакыт өтсө да ууру кармала элек. Жагдайга байланыштуу шектүү жигитти көрүп тааныгандар болсо 7-каналга кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.
Байланыш номерлери: 0507 77 00 70"- деп айтылат билдирүүдө.