Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Циндао шаарынын мэри Чжао Хаочжи менен жолугушту. Эки тараптын пикир алышуусу кечээ, 14-июнда орун алганын калаа бийлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тараптар шаарды туруктуу өнүктүрүүнүн жана айлана-чөйрөнү сактоонун маанилүүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле алар шаар куруу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жашоого ыңгайлуулукту, туруктуулукту жакшыртуу үчүн экологиялык чаралар боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары мэрлер мындан ары кызматташуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана талкууланган демилгелерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш пландарды иштеп чыгуу үчүн топторду дайындоого макулдашышты.

Ага ылайык, Бишкек мэри Циндао администрациясы көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал шаарларды өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартуу, маданият жана билим берүү сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалымдалгандай, жолугушуунун максаты - Бишкек жана Циндао шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоо жана чыңдоо, ошондой эле алардын ортосундагы бир тууган шаар мамилелерин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болуп саналат.

Маалымат үчүн: Бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча келишимге 2021-жылдын 22-декабрында кол коюлган. Ошондой эле Циндао өкмөтү Дэн Сяопин проспектисиндеги паркты жакшыртуу үчүн 600 000 юань грант бөлгөн.