Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова бүгүн, 11-декабрда Улуттук филармонияда концерт берди. Чыгармачылыгы тууралуу сыймык менен айтып берген ырчы колдоп келген элге ыраазы экенин билдирди.
Өрүкзардын сыймыктанган кызы Саламат Садыкова “Көп жылдардан бери эл алдына чыгып жүргөндөн улам толкундануу деген дээрлик болбойт экен. Ушул концертти өткөрүүгө көмөктөшкөн Улуттук филармониянын жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Мында иштегендердин жеке концерт берүүсү үчүн убакыт болбойт. 3-4 жылдан бери эми концерт берип жатам. Кыргыз элиме рахмат айткым келет” деп кубанычын жашырган жок.
Концерттин видеоверсиясын эртең, 12-декабрда SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.