Аравандын Төө-Моюн айылында сел жүрдү 

Оштун Араван районунун Төө-Моюн айылында сел жүрүп, атайын комиссия иш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июнда Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндө катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Анда сугат арыктарынан ашкан сел суулары унаа жана ички чарбалык жолдорду зыянга учураткан.

Кырдаалга байланыштуу жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. Учурда сел сууларынан келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан