Бүгүн, 15-июнда Чүй облусунун Кайыңды шаарында нефтебазада адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Бул боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда маалыматты тастыкташты.
Милициянын маалыматына ылайык, Кайыңды шаарында УКМК кызматкерлери атайын машыгуу өткөрүшкөн. Машыгуу бүгүн, 15-июнь күнү эртең менен болгон.