Австрияда 12 жаштагы баласын өлтүрүүгө аракет кылган 32 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматта айыпталуучу баласын ит кармоочу капаска камап, бир нече ай бою муздак суу куюп, нөлдөн төмөн температурада көп убакытка кыйнаган. Социалдык кызматкерлер жабырлануучуну табышканда, дене табы 26,8 градус болуп, комага түшкөнү тууралуу айтылат.
Учурда баланын абалы канааттандырарлык экени айтылууда. Ал эми шектүү Венанын түндүк-батышындагы Кремс шаарындагы камакта отурат. Окуяга байланыштуу тергөө иштери уланууда.