"Toyota Prius жана 400 миң рубль". Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырып жүргөн жигит кармалды (фото)

УКМКнын жетекчилигинин атын жамынган жалганчы адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Д.С., К.Ж. жана Орусиянын Д.Б. аттуу жараны акчасын жана унаасын мыйзамсыз ээлеп алган “Адилет” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүү жөнүндө арыз менен УКМКга кайрылышкан.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 13-июнда Н.А.Х. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Кармалган Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К. Ташиевдин уулу катары өздөрүн тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган Toyota Prius үлгүсүндөгү унааны, ошондой эле 400 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатты ээлеп алышканы аныкталды.

Азыркы учурда УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, ошондой эле башка ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоодо", - деп жазылат билдирүүдө.

УКМК мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын атын сатып жана кылмыштуу максатта пайдаланган учурда кылмышкерлерге колдонуудагы мыйзамдар боюнча катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Атайын кызмат мындай фактылар болгон учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө же төмөнкү6 0312620585, 0312660475 номерлерге кайрылууну суранат.

Өзүн Каичыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырып жүргөн жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан