Түркмөнстанда кыздар окуу жайларга эки өрүм чач менен келүүгө милдеттендирилди

Түркмөнстанда студент кыздар жогорку окуу жайларына белгилүү узундуктагы жана калыңдыктагы эки өрүм чач менен келүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, эгер студент кыздардын табигый чач өрүмдөрү белгиленген параметрлерге жооп бербесе, кыздар жасалма чач өрүмдөрүн сатып алышы шарт.

Ал эми Түркмөнстан адам укуктары боюнча демилгесинин башчысы Фарид Тухбатуллин БУУнун жыйынында билдиргендей, бийликтин салттуу баалуулуктарды коргоо үчүн аялдардын жүрүм-турумун жана сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөп жатканы өзгөчө кооптонууну жаратат.

Эгерде табигый чач өрүмдөрү талап кылынган параметрлерге жооп бербесе, анда кыздар жасалма чач өрүмдөрүн сатып алышы керек. Алардын эң арзаны 20 манат (500 сом), бирок алар бат эле жараксыз болуп, кайра жаңысын алууга туура келет. Билим берүү мекемелеринде жасалма кирпик, тырмак коюуга тыюу салынып, тескерисинче, жасалма чач тагынууга аргасыз болуп жатканын кыздар түшүнүшпөйт” – дейт Фарид Тухбатуллин.

Эске салсак, Түркмөнстандагы сулуулук салондорунда косметикалык кызматтарды көрсөтүүгө, кирпик узартууга жана эрин чоңойтууга тыюу салынган. Буга чейин түркмөн полиция кызматы аялдарды жынсы шым, кыска көйнөк кийген жана чачтарын боёткондугу үчүн кармаган учурлары болгон. Ошондой эле өткөн жылдын ноябрь айында Түркмөнстандын миграция кызматы филлер, жасалма кирпик жана жасалма тырмагы бар деген айып менен аялдарды Дубайга учкан учакка отургузбай койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан