Ирандын башкы машыктыруучусу "Ак шумкарларга" каршы оюн боюнча билдирүү жасады

Эртең, 16-июнда өтө турган Кыргызстан-Иран беттеши укмуштуудай кызыктуу болот. Бул тууралуу Иран курамасынын башкы машыктыруучусу Амир Галеной маалымат жыйында айтты.

"Мен оюнчуларыма ишенем, алар өз ишин 100 пайыз аткарарына көзүм жетип турат.

Кыргыз элине, уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирем жана айтарым кандай гана оюн болбосун күйөрмандар менен беттеш көркүнө чыгат. Эртеңки оюнда алар көп болуп, оюн укмуштуудай кызыктуу болот деп үмүт кылабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, "CAFA Nations Cuр 2023" турниринин алкагында Кыргыз курамасы эртең, 16-июнда Иранга каршы ойнойт. Бул оюнда уткан команда финалга чыгып, утулган команда үчүнчү орунга ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан