"Талас" аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Келечек урпактарга кайрылуу жазылган кутуча салуу иш-чарасына тиешелүү жетекчилер катышты.
Белгиленгендей, аэробекеттин жалпы аянты 662,60 чарчы метрди түзөт. Жаңы аэробекет имараты саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алып, тезирээк жана натыйжалуу тейлөөнү камсыздай алат.
Имараттын курулушун ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.