Бишкекте коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн эки бассейн жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, борбор калаанын Биринчи Май районунда бассейндер текшерилди. Анда комиссия 11 суу объектисин текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Түштүк-2 кичи районундагы жана "Асема" бассейни коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы аныкталып, аларды жабуу маселеси каралат.
Белгилей кетсек, рейдге райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, акимчиликтин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ички иштер башкармалыгынын жана "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.