Оштун Кара-Суу районунда көчкү жүрүп, 39 адам көчүрүлдү (фото)

Оштун Кара-Суу районунда жер көчкү жүрүп, 39 киши көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта, ӨКМ аталган райондун Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келең айылында эски жер көчкү активдешкени тууралуу айтылды.

Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң кубду түзөт.

Беш турак үйгө коркунуч жаралгандыктан 39 тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

Белгилей кетсек, министрлик тургундарга 9-июнда эле көчүү сунушталганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан