Кыргызстандын жаштары Кытайда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата иш-чара өткөрөт
Кытайдагы кыргызстандыктардын “Патриот KG” коомдук бирикмеси жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата иш-чара өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 12-декабрда аталган бирикмеден билдиришти.
Залкар жазуучунун элесине арналган спорттук, маданий жана интеллектуалдык оюндар 12-декабрдан 15-декабрга чейин Пекин, Ланьчжоу, Ухан, Иньчуань жана Гуйлинь шаарларында өтөт.