
Бишкекте Ленин районунундагы кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июнда саат 06:00 чамасында Садыгалиев көчөсүнүн №4/1 дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 3 күжүрмөн бөлүмү жана саат 07:25те штаб тартылган.
Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана РЭТнан 1 бригада жеринде иштеп жатат.
Учурда өрт толугу менен чектөөгө алынып, өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.