Төрегали Төреалинин жактоочусу ырчы эмне себептен полициядан качканын айтты

Казакстандык белгилүү ырчы Төрегали Төреали полиция тарабынан кармалган учурда соо эле абалында болгон. Бул тууралуу казак басылмаларына ырчынын жактоочусу Эльнура Кишкенбаева билдирген.

Жактоочунун айтымында, Төрегали Төреали учакка кечигип жаткан. Буга байланыштуу ырчы жол чырактын кызыл түсүнөн өтүп, ылдамдыкты чектен ашырып, жөө жүргүнчүлөргө жол бербөөгө аргасыз болгон. Кишкенбаева ошондой эле ырчы ага чейин полиция тарабынан токтотулганын айтты. Ырчы адегенде токтотулуп, андан кийин бошотулган, бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин полиция кайра аны артынан түшүнүксүз жагдайда кууган.

"Аны биринчи жолу токтоткондо, Төрегали аларга Кызылордага учууга шашып жатканын, ал жакта элдер күтүп жатканын түшүндүргөн. Учурда анын ата-энеси, балдары ошол шаарда, анын ичинде майып кызы да бар. Полиция кызматкерлери Төрегалини бошотушкан. Бирок кандайдыр бир себептерден улам аны кайра токтотууну чечишкен", - деген ал.

Ал коюлган айыптарга каршы экенин белгиледи. Кишкенбаеванын айтымында, ырчы жол эрежесин бузуп, полициянын талаптарына баш ийбегени үчүн гана күнөөсүн моюнуна алууда.

"Биз Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 608-беренесине макул эмеспиз ("Автотранспорт каражатын баңги затына мас абалында айдоо"). Анткени сот наркологиялык борбордон алынган анализди гана эске алган. Бирок биз кошумча кан анализинен дагы өттүк, анын жыйынтыгы 3, 4 күндөн кийин чыгат. Анын жыйынтыгы менен шаардык сотко арыз жазып, 20 суткага камакка алуу жана 7 жылга унаа айдоо укугунан ажыратуу жазасын жокко чыгарууну көздөп жатабыз", - деп кошумчалаган ал.

Эске салсак, Төрегали Төреали 14-июнда Алматыда Lexus үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып патрулдук унааны сүзгөнү үчүн кармалган. Андан кийин полиция ал унааны баңги затын колдонгон абалда башкарып бара жатканын билдирген. Ага карата алты укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, унаасы айып короо жайына киргизилген.

Ошол эле күнү ырчы 20 күнгө камакка алынып, 7 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу өкүмүн алган.

Белгилүү казак ырчысы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан