Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Иранга каршы ойнойт.
"CAFA Nations Cuр 2023" турниринин алкагында өтүп жаткан бүгүнкү оюнда жеңишке жеткен команда финалга чыгып, утулганы үчүнчү орунга ойнойт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Буга чейин Кыргыз курамасы ушул эле турнирдин алкагында Ооганстан курамасын уткан.