Түбү ганалык болгон футболчу Жоэль Кожо Кыргыз курамасына ойноо үчүн ФИФАдан уруксат алды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
КФС Эл аралык футбол федерациясынан (ФИФА) футболчу Кожо Жоэлдин Кыргыз курама командасынын курамында ойноого уруксат алуу боюнча иштерин жүргүзгөн.
"ФИФА оюнчунун КФС жиберген документтерин изилдеп, ошондой эле ФИФАнын уставынын жоболоруна негизденип, Кожо Жоелдин Кыргыз улуттук курама командасында ойноого укугу бар экендиги тууралуу расмий кат жүзүндө тастыктама берди", - деп жазылат билдирүүдө.
24 жаштагы футболчу улуттук курамадагы дебюттук оюнун бүгүн, 16-июнда Иранга каршы өткөрүшү мүмкүн.