Бүгүн, 16-июндан 17-июнга караган түнү асмандан “планеталар парадын” көрүүгө болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Күн системасындагы беш планета Күндүн бир тарабын көздөй жылышат. Анда Сатурн, Нептун, Юпитер, Уран жана Меркурий асмандын 93 градустук секторунда тизилет. Бул көрүнүштү көз менен байкоого болот, бирок астрономдор Нептун менен Уранды көрүү кыйын болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Ошондой эле арасынан Юпитер баарынан жаркырап көрүнсө, башка планеталар күңүрт болуп көрүнүшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, 5 же 6 планетадан турган парадды 20 жылда бир ирет көрүүгө болот. Ал эми жалпы планеталар парады 170 жылда бир жолу байкалат.