127 саат бийлеген индиялык кыз "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди

16 жаштагы индиялык Срушти Судхир Ягтап 127 саат бийлеп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу аталган уюм расмий сайтында жарыялады.

Маалым болгондой, Срушти Судхир Ягтап 29-майдан баштап 3-июнга чейин бийлеген. Андан соң бир күн бою уктаган.

Индияга мүнөздүү “катхак” бийин бийлеген Ягтап мындай кадамга өлкөсүн таанытуу үчүн барганын айткан. Ал бийге болжол менен 15 айга жакын убакыт даярданган.

Эске салсак, буга чейинки рекорд 2018-жылы 126 саат бийлөө менен Непалда катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан