Япон өлкөсүндө кардарлар берген буйрутмаларын дрон аркылуу алышууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмаларында жазылды.
Маалым болгондой, алгач буйрутмалар дрон аркылуу асманга көтөрүлүп, андан соң кардарларга кагаздан жасалган парашют аркылуу жеткирилип жатат. Дрондор 1,8 килограмм салмактагы жүктү көтөрө алышат жана жарым саатта 50 чакырым аралыкка жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Мындай жеткирүү кызматы Япон өлкөсүнүн 70 пайызын тоо жана аралдар түзгөндүктөн айрым аймактарда шашылыш муктаждыктарды жана буйрутмаларды жеткирүү маселесинен улам жаралган. Ал эми аталган тейлөө кызматынын акысы болжол менен 7 долларды (620 сом) түзөт.
Белгилей кетсек, дрондор дүйнөдө байкоо жүргүзүүдө аскердик максатта же география сыяктуу тармактарда колдонулат. Аны күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жеткирүү үчүн алгачкылардан болуп Япония колдонуп жатат.