Баткендин жашоочуларын алдап кеткен "Келечек ЛТД" курулуш компаниясынын жооптуу өкүлү алдамчылыкка шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары "Келечек ЛТД" курулуш компаниясы 5 миллион 347 миң 330 сомго курулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгондугу үчүн милицияга арыз менен кайрылышып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.
Аталган факты боюнча ушул жылдын май айында Баткен ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н. шектүү катары суракка чакыртылып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, шектүүлөр 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы жабырлануучулардан курулуш материалдарын алган.