Күчтүү "Бипаржой" циклону үчүн Индия менен Пакистанда миңдеген адам эвакуацияланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Индиянын жергиликтүү метеорологдору билдиргендей, "Бипаржой" абдан күчтүү бороон-чапкындын катарына кошулат. Ал Араб деңизинин үстүндө пайда болуп, Индиянын батышындагы Гуджарат штатынын жээктерине жетет. Ушул жумада да ал Пакистандын түштүк аймактарына сокку уруусу мүмкүн.
Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метрге чейин жетет.
Буга чейин Гуджарат аймагынан 45 миң, ал эми Синд штатынан 60 миңден ашык адам эвакуациялаган. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү деңизде балык уулоону токтотууну суранууда.
Эске салсак, былтыр Пакистандын айрым аймактарында сел жүрүп, 1 миң 600гө жакын адам каза болгон. Адистер аталган аймакта эми "Бипаржой" циклону да катталып, чоң кесепеттерди алып келиши мүмкүн экенин айтып кооптонууда.