Бүгүн, 16-июнда Бишкекте Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде №132 кичи автобустун айдоочусу мамыны сүзүп алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматта билдиргендей, айдоочу жол чырактын жашылы жанып турганда өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Мындан улам кичи автобус жолдон чыгып кетип, мамыны сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 7 жүргүнчү жабыркаган.
Учурда милиция кызматкерлери окуя боюнча тийиштүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштерин жүргүзүүдө.