Бүгүн, 17-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 34…39;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 36…38 болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.