Чүйдүн Сокулук районунда жер маселесине байланыштуу эки адам кармалды. Маалымдалгандай, Жаңы-Пахта айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документ жасоо) жана 209-беренеси (алдамчылык) боюнча айып тагылды.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган адамдар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган, муну менен алар мамлекетке 7 миллион сом зыян келтирген.
15-июнда Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.