Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдарын ачуу пландалууда

Ушул жылдын 30-июнунда «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча каттамын ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына 6 жолу - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин аткарылат.

«Манас» аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан