Эртеңден баштап Оштогу бир катар маршруттук каттамдар өзгөрөт (тизме)

Ошто бир катар коомдук транспорт каттамдары убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Эртең А.Масалиев көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштерине байланыштуу 17-июнь күнү А.Масалиев көчөсүнүн Р.Абдыкадыров (Дом быта) көчөсүнүн кесилишинен Ы.Монуев көчөсүнө чейинки бөлүгү (Макаренко мектеби) жабылат.
Буга байланыштуу төмөндөгү коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди:
- №53 шаардык муниципалдык автобустук каттамы Мээркан – (Два Прораба) багыты боюнча жүргөндө Г.Айтиев, Курманжан Датка, Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков, А.Масалиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
- №106 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ош ТУ-Кайырма багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ы.Монуев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков, А.Масалиев, А.Навои, К.Датка, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу жүрө баштайт.
- №108 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Нариман облустук төрөт үйү багыты боюнча жүргөндө А.Масалиев көчөсү менен келип, Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айлампадан кайтып А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрү аркылуу жүрөт.
- №109 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Озгур – (Два Прораба) багыты боюнча жүргөндө А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, Ж. Райымбеков көчөлөрү аркылуу жүрөт.
- №112 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ак-Тилек-Озгур багыты боюнча жүргөндө А.Навои, А.Масалиев, А.Шакиров көчөлөлөрү менен жүрөт.
- №113 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Тээке-Борбордук базар багыты боюнча жүргөндө Г.Айтиев, В.Ленин, А.Навои, А.Масалиев, Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айлампадан кайра артка кайрылып, кайтканда А.Масалиев, А.Навои, К-Датка, Г.Айтиев көчөлөлөрү менен жүрөт.
- №124 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Төлөйкөн- (Два Прораба) багыты боюнча жүргөндө Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөрү аркылуу жүрөт.
- №128 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Орке – Ош шаардык Кадастр багыты боюнча жүргөндө Г.Айтиев, В.Ленин, А.Навои, А.Масалиева, кайтканда А.Масалиев, Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айланпадан кайра артка чыгып, А.Масалиев, А.Навои, К.Датка, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
- №129 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Кызыл-Байрак - Борбордук базар багыты боюнча жүргөндө А.Навои, А.Масалиев, Ж.Раимбеков көчөсү менен, ал эми кайтканда А.Масалиев, А.Навои көчөлөрү аркылуу жүрөт.
- №134 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Туран кичи шаарчасынан - Тажикабад айылы багыты боюнча жүргөндө Б.Нурматов, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр көчөлөру менен, ал эми кайтканда Тилеке-Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров көчөлору аркылуу жүрөт.
- №136 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Тимур кичи шаарчасы-Беш-Капа айылы багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ы.Монуев, А.Масалиев көчөлөрү менен жүрөт.
- №137 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Тимур кичи шаарчасы-Достук багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөлөрү менен жүрөт.
- №143 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Два Прораба - Ак-Тилек кичи шаарчасы багыты боюнча жүргөндө Тилеке-Баатыр, Ж.Шамшиев, Р.Абдыкадыров көчөлөрү менен жүрөт.
- №146 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы ОшТУ - Рудаки орто мектеби багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ж.Шамшиев, Р.Абдыкадыров көчөлөрү менен жүрөт.
- №155 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Учар – Кызыл-Кыштак айылы багыты боюнча жүргөндө Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр көчөлөрү менен жүрөт.
- №157 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ош ТУ – Арек айылы багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, Ы.Монуев, А.Масалиев, А.Навои көчөлөру аркылуу жүрөт.
- №159 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Маданият айылынан- МЖК багыты боюнча жүргөндө Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айланпадан кайра артка кайтып, А.Масалиев, А.Навои, Курманжан-Датка көчөлөрү аркылуу жүргүзүлүп, кайтканда Курманжан-Датка, Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр көчөлөрү аркылуу жүрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан