"Кыргыз жигиттери чачын түйгөн эмес". Сулайманов маданият министрин сынга алды

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов кыргыздын жигиттери чачын түйүп алып ырдаганы үчүн уялып жатканын айтып чыкты. Эл өкүлү бул үчүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовду сынга алды.

"Нооруз майрамында болгон концертиңерди көрдүк. Биздин ата-бабаларыбызда кыргыздын жигиттери чачын түйүп алып ырдайт деген болгон эмес. Аялдын да, эркектин да өз орду болгон. Бизди дүйнө жүзү көрүп жатат. Концерт уюштуруу тармагын ким тейлейт, карап койсоңор боло. Ушул уят да эми. Кечээ аянтта болгон концерттен кийин аябай мактоо угуп атасыңарбы? "Мен экинчи аянтка концерт көргөнү барбайм" деген акындар чыгып жатат", - деди Сулайманов.

Ошондой эле ал мамлекет улуттук баалуулуктарга көңүл бурмайынча өнүкпөй турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы маданият, маалымат, жаштар жана спорт тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат укту.

Жогорку Кеңеш 16.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан