Бишкекте жашыл көчөттөрдү сугаруу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мээриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, арык жолу менен жашыл көчөттөрдү сугаруу Манас, Ч.Айтматов проспектилеринде, Чуйков, Шопоков, Шабдан Баатыр, Ч.Валиханов көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары Манас-Бөкөнбаев, Турусбеков, Рыскулов, Жаш Гвардия бульвары, Жаштар аллеясы, Ю.Фучик атындагы сейил багындагы скважиналар иштөөдө.
Ошондой эле атайын техниканын, арыктардын, насостордун жардамы менен сугаруу иштери төмөнкү сейил бактарда жүргүзүлөт: Д.Асанов, Ю.Фучик, Ч.Түлөбердиев, Эмгек даңкы, Тоголок Молдо атындагы бакчасында.
Белгилей кетсек, жашыл аянттарды сугаруу үчүн 20 бирдик атайын техникалык унаалар тартылган.