Сиз канча бөлүмдүү сериалдарды көрөсүз? 50, мүмкүн 100... Бирок булар дүйнөдөгү эң көп бөлүмдүү cериалдардын катарына кирбейт. Алдыда дүйнөдөгү эң узун сериалдар менен тааныштырабыз.
"Жол көрсөткөн жарык"
Эң узун сериалдардын сап башында Америкада тартылган "Жол көрсөткөн жарык" сериалы турат. Ал эң көп бөлүмдүү сериал катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Сериал экранга 1952-жылдан 2009-жылга чейин чыгып турган. Ал эми 1930-жылдан 50-жылдарга чейин радио шоу катары берилген. Сериалдын 18 миң 262 бөлүмү бар жана ал башталгандан баштап 375 сыйлыкка талапкерлиги коюлуп, 98 жолу сыйлык алган.
"Башкы оорукана"
14 миң 612 бөлүмдөн турган сериал 1963-жылдан бери көрсөтүлүп, азыркы убакта да токтобой көрүүчүлөргө тартууланып келет. Сериалдагы окуялар ойдон чыгарылган шаардагы ооруканада болот. Ал өз убагында өтө популярдуу болуп, ага голливуддук белгилүү актёрлор да катышууга макул болушкан. Телесериал "Эмми" премиясында "Мыкты драматикалык телесериал" деген номинацияда эң көп сыйлык алган көп бөлүмдүү тасма катары рекорд койгон.
"Дүйнө кантип айланат?"
Аталган сериал 54 жыл экрандарда көрсөтүлүп, 13 миң 858 бөлүмдү камтыйт. Сериал 1956-жылы башталып, 20 жыл эң популярдуу сериал катары өз ордун кармап турган. Андан кийин гана рейтинги түшүп кеткен. Башкы ролдордун бирин ойногон Хелен Вагнер бир ролду эң узак убакытка ойногон актриса катары "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген. 2010-жылы сериалдын акыркы бөлүгү көрсөтүлүп, жыйынтык чыгарылган.
"Биздин жашообуздун күндөрү"
Дүйнөдөгү эң узун сериалдардын катарына кирген бул сериал 13 миң 932 бөлүм чыгарып, 1965-жылы экрандарда көрсөтүлө баштаган. Аталган сериал азыркы убакта да тартылууда. Анда америкалык психиатрлар тууралуу сөз болуп, алардын жашоосун баяндайт. Сериал бир топ сыйлыктарга ээ болгон жана Американын белгилүү тасмаларында да кээ бир сюжеттери кезиккен.
"Жаштар жана тайманбастар"
1973-жылы башталган сериал азыркы убакта да улантылып келет жана 12 миңден ашык бөлүмдөн турат.
Алгач эки үй-бүлөнүн жеке жана иш жашоосу баяндалса, 80-жылдан кийин атаандаштык да сюжетке кошулган. Сериал башкалардан курч социалдык темалардан качкандыгы менен айырмаланып турат. Ал көйгөйлөр көтөрүлсө да, кайра эле көрсөтүлбөй калган. Бул сериал азыр да популярдуу сериалдардын катарына кирет.