Англиянын "Челси" футбол клубунун коргоочусу Тиаго Силва Орусияда өткөргөн алты айын жашоосундагы эң начар мезгил деп эсептей турганын билдирди. Мындай маалымат лондондук клубдун сайтына жарыяланды.
Бразилиялык футболчу 2005-жылы "Порту" клубунан Москванын "Динамосуна" ижарага өткөн. Бирок, ал бир да жолу оюнга чыккан эмес.
"Мен Орусияда алты ай болдум. Бул менин жашоомдогу эң жаман мезгилдердин бири болду. Кайрадан футбол ойной аларымды билген эмесмин. Мен бир нече анализдерди тапшырдым жана кургак учуктун өнүккөн түрү менен ооругандыгым тастыкталган", - деген Силва.
Ал Москвада дарыланууну чечкен. Анын айтымында, орусиялык дарыгерлер анын өпкөсүнө операция жасоону көздөшкөн, бирок операциядан кийин ал футбол ойной албай калмак. Силва андан баш тартып, кийин Португалияга кайтып келип, ал жактан сакайып, карьерасын улантууга жетишкен.
Ал азыр 38 жашта жана 2020-жылдан бери "Челсиде" ойноп келет.