Баткендин Кыштут, Суу-Башы айыл өкмөттөрүндө өзгөчө кырдаал режими алынды

Баткендин Кыштут, Суу-Башы айыл өкмөттөрүндө өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аталган айыл аймактарга өзгөчө кырдаал режими кечээ, 15-июнда киргизилген болчу.

Маалыматка ылайык, 12-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун аталган айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел жүрүп, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2 айыл өкмөттө тең өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар берилип, ар бир кызмат өз тармагы боюнча иш алып баруусу милдеттендирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан