Бишкектеги ботаникалык бакта бычакталган өспүрүмдүн классташы өз жанын кыйды

Бишкектеги ботаникалык бакта бычакталган өспүрүмдүн классташы, досу өз жанын кыйды.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, 13-июнь күнү милицияга жеке үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өмүрүнө кол салганы тууралуу билдирүү келген.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 2007-жылы туулган баланын сөөгүн табышкан. Денесинен эч кандай жаракат табылган эмес.

"Өзүнүн жанын кыйган бала буга чейин, тагыраагы 12-июнда Бишкектин Ботаникалык багында бычакталган өспүрүмдүн классташы жана жакын досу болгон" - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан