Кечээ, 16-июнда Бишкектеги Дэн-Сяопин көчөсүндө жайгашкан "Дордой-Моторс" базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
"Жерине жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды" деп айтылат билдирүүдө.
Жалын саат 23:59да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.