Милиция велосипедчендерди жол эрежесин сактоого чакырды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык велосипед мингендерди жолдо жүрүүнүн эрежесин сактоого чакырды.

Ведомстводон жайында көптөр велосипедчен жүрүүгө басым жасаганын, алардын ичинде балдар бар экенин белгилеген.

Велосипедчендер көп учурда жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактабагандыктан, ата-энелер балдарда мектепке чейинки курактан баштап эле жолдо коопсуз жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүшү керектиги эскертилди.

ЖКККББ төмөнкү эрежелерди сактоого чакырды:

- велосипеддин рулун жалгыз эмес, дайыма эки кол менен кармап жүрүү зарыл;

- кошумча орундарга зарылдыгы болбосо балдарды отургузбаш керек;

- кошумча жүктү ташып жүргөнгө болбойт;

- жөө кишилер өткөн чийинден авариялык абалды жаратпаш үчүн велосипедден түшүп өтүү зарыл;

- күүгүм киргенде же караңгыда жарык берүүчү приборлорду тагып жүрүү шарт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан