Эртең, 18-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус ысыйт.
Ал эми Бишкек шаарында күн ачык болот. Кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 ысык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.