Ошто 51 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды (видео)

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, ташуу жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Атап айтканда, дизель майын ташыган жүк ташуучу унаадагы пломбаларды өз эрки менен алып салуу, цистерналардагы салык органы койгон контролдук пломбалардын бузуу фактысы аныкталган. Ошондой эле күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес.

"Аныкталган жана кармалган мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майлардын жалпы көлөмү 51 миң 893 литрди түздү: автоунаанын цистернасында - 7 миң литр, май куюучу жайлардын цистерналарында (пломбалары бузулган) - 32 миң 838 литр жана контролдук пломбасы жок өзүнчө бакта - 12 миң 555 литр болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча кошумча чаралар көрүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилет.

Ошто 51 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан