Индияда адамдар катуу ысыктан улам каза болууда

Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадештин штатында эки күндүн ичинде эле катуу ысыктан кеминде 34 адам каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, жабыркагандардын баары 60 жаштан ашкан жана буга чейин катуу ысыктан улам күчөшү мүмкүн болгон ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар адамдар.

Индиянын метеорологиялык департаменти Баллияда жума күнү максималдуу температура 42,2 градус деп билдирди, бул нормадан 4,7 градуска жогору.

Жайдын аптаптуу ысыгы штат боюнча электр энергиясын үзгүлтүккө учуратып, адамдарды суусуз, желдеткичсиз жана кондиционерсиз калтырганы айтылды.

Ал эми өкмөт электр энергиясын толук калыбына келтирүүгө убада берип, элди бийлик менен кызматташууга жана электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан