Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Бүгүн, 19-июнда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан