Жалал-Абад шаарында студенттер арасында достук фестивалы өттү

Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 7 облустун мамлекеттик жогорку окуу жайлары арасында “Студенттер - билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аталышындагы достук фестивалы өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Кабарлангандай, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты. Фестивалдын алкагында академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу багытында маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулган.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль 7 жылдан бери 7 облустагы мамлекеттик университеттердин ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, достукту чыңдоо, тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан