2 алтын, 3 күмүш, 2 коло. Улуттук курама эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда командалык эсепте 2-орунду ээледи

Бишкекте "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июнда Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунун алкагында эркин күрөш боюнча беттештер жыйынтыкталды. Анда 23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашты.
"Курама команда 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугу 10-июнда башталган. Курама команда улук машыктыруучу Руслан Маджинов жана башкы машыктыруучу Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан