2023-жылдын 5 айында Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен 485,7 миллион сом которулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
Бюджеттер аралык трансферттер:
- теңдөөчү трансферт- 386,7 миллион сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө - 29,4 миллион сом;
- электр энергиясына болгон 50 пайыз компенсациясына - 12,3 миллион сом;
- башкы план - 55,3 миллион сом (калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууга).
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздарга жардам катары) - 2 миллион сом каралган.